Тажикстан бийлиги Ооганстан менен чек арасын жапты

711

Тажикстан бийлиги Фархор районундагы көзөмөл өткөрмө бекетин жаап, Пянж дарыясындагы беш көпүрө кыймылына бөгөт койду.

Хатлон облусунун администрациясынан кабарлашкандай, Ооганстан менен чектеш Шамсиддини Шохин районунан тарта Тоолуу Бадахшанга чейинки аймак коопсуздук маселелеринен улам жабылды.

Ооганстандын Бадахшан провинциясынын губернатору Ахмад Файсал Бекзод чек аранын жабылганын тастыктады. “Чек араны ачуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул провинциянын жашоочулары үчүн маанилүү, себеби ушул маалда калың түшкөн кардан улам Ооганстандын борбордук бөлүгүнө баруу кыйын. Негизинен күзүндө жана кышында биз азык-түлүктү Тажикстандан гана алабыз”, –деди ооган аткаминери.

Акыркы жолу чек ара ооган аткезчилери менен тажик чек арачыларынын ортосундагы кагылышуудан кийин жабылган. 2-декабрдагы окуя учурунда тажик полковниги мерт кеткен.