Тажикстан: Биздин чек арачылар Кыргызстандын аймагына кирген эмес

1040

Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматы 12-майда тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагына өткөндүгү тууралуу кыргыз тараптын маалыматын четке какты. Мекеме окуя Бишкек билдиргендей Кыргызстандын аймагында эмес, кыргыз-тажик чек арасындагы тактала элек тилкеде болгонун билдирди.

12-майда кыргыз ММКлары Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүсүнө таянып, автоунаа минген тажикстандык төрт аскер Кыргызстандын Лейлек районундагы аймагына 50 метрдей кирип келип, тургундардын документтерин текшере баштаганын кабарлашкан.

Мекемеден окуя болгон жерге Кыргызстандын аскер жана күч органдарынын кызматкерлери барып, жаңжалды басышканын кошумчалашкан.

Бирок Тажикстандын Чек ара башкармалыгынын басма сөз катчысы Мухаммаджон Улугхожаев кыргыз тараптын маалыматтары чындыкка дал келбей турганын билдирди. «Биздин чек арачылар чектеш аймакка кирип кеткен деген маалымат жалган, алар чек аранын талаштуу тилкесинде болушкан», — деди ал.

Ал ошондой эле чек арадагы окуяга байланыштуу тажик тарап кечирим сурагандыгы тууралуу Кыргызстан Чек ара кызматынын билдирүүсүн дагы четке какты.