Тажикстан ИИМи өз катарындагы коррупцияны жоюуга ниеттенүүдө

728

Тажикстандын Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, тартип сакчылары тараптан жасалган бардык мыйзам бузуулар тууралуу кабарлап турууну өтүндү.

«Милиция кызматкерлери коррупциялык же башка мыйзам бузган аракеттерге барган учурларда жарандар министрликтин ишеним номуруна, ошондой эле Viber, WhatsApp, IMO, Telegram жана WeChat тиркемелери аркылуу кабарлай алышат», деп жазылган мекеменин сайтындагы кайрылууда.

Кайрылуу тажик өкмөтүнүн 18-январга белгиленген кеңейтилген жыйынынын алдында жарыяланууда. Анда Тажикстандын 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ошондой эле өлкөнүн 2018-жылдагы өнүгүүсүнүн пландары талкууланат деп күтүлүүдө.

Өлкө ИИМинин басма сөз катчысы Умаржони Эмомали министрлик кабар бергендердин купуялуулугун сактоого кепилдик берерин билдирди.

Күн мурун өлкөнүн антикоррупциялык мекемеси февраль-апрель айларынын аралыгында бир катар мамлекеттик органдарда, анын ичинде ИИМде «коррупциялык аракеттердин тобокелдиктери» текшерилерин кабарлаган.