Тажикстан: май куюу түйүнүнүн башчысы мамлекеттик насыяны төлөп берүүгө даяр

794

Өткөн аптада камакка алынган «Умед-88» компаниясынын негиздөөчүсү жана башчысы Раджабали Одинаев өлкөдөн чыкпоо тил катынын негизинде бошотуу өтүнүчү менен бийликке кайрылды. Анын «Рогун ГЭСи» акционердик коомунан алган миллиондогон насыяны кайтарып берүүгө ниеттенип жатканын эжеси Саодат Одиназода 29-октябрда билдирди.

Раджабали Одинаев жана «Умед-88» компаниясынын дагы беш жетекчиси учурда тергөө абагында камакта. Саодат Одиназоданын айтымында, иниси президенттин сынынан кийин дароо насыяны кайтарып берүү аракеттерин баштаган, бирок аны камакка алышкан. Ал учурда «Умед-88» компаниясы «Рогун ГЭСи» акционердик коомуна 31 миллион сомони кайтарып бергенин кошумчалады.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 14-октябрда ишкерлер менен жолугуп, Каржы министрлигин түшүнүксүз жолдор менен «Умед-88ге» мамлекеттик бюджеттен 170 миллион сомони насыя бергенин сынга алган. Анын айтымында, компания ал акчаларды эки жылдан бери мамлекетке кайтарып бере албай келет.