Тажикстан менен Ворухту байланыштырган жол курулат (видео)

2571

Кыргызстандын министрлер кабинети чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусунан кийинки биргелешкен билдирүүсүн жарыялады. Ага ылайык, Тажикстандын Кожалы айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолу курулуп, трасса Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөт экен.

Автожолду тажик тарап колдонуп, абалын карап туруу милдетин алары да белгиленген. Тараптар Ворух анклавынын чегин «Кожалы-Ворух» жолу курулгандан кийин тактоону макулдашышкан. Ал эми айрым тилкелерде чекти бөлүүдө 1924-1927-жылдардагы жана 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтери колдонулат экен.