Тажикстан тараптан жааган октон жабыркагандардын абалы (видео)

2608

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жаракат алгандардын саны 163кө жетти. Оор абалдагылар Бишкекке жеткирилген. Кечээтен бери оор болуп жаткан эки бейтаптын абалы бүгүн жакшырды. Калгандарыныкы орто жана туруктуу деп бааланууда.

Бүгүн президент Садыр Жапаров Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарыланып жаткан бейтаптардан кабар алды.