Тажикстанда аялын өлүмгө түрткөн жаран 7 жылга соттолду

943

«Абийири жок» деп жаңы алган аялы менен жаңжалдашып, аны өзүн өлтүрүүгө жеткирген Зафар Пиров 7 жылга соттолду. Сот жараяны жабык өттү. Айыпталуучунун жакындары жана адвокаты соттун өкүмүнө комментарий беришкен жок.

Буга чейин Зафар Пиров өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын айтып, соттун адилеттүү чечиминен үмүт артарын билдирген. “Мен анын өлүмүн каалаган эмесмин. Бирок ата-энеси үйлөнүү үлпөт үчүн короткон 13 миң сомонимди (1475 доллардын тегереги) кайтарып беришин каалагам”,-деген Зафар Пиров.

Зафар Пиров жана анын 18 жаштагы жубайы Раджабби Хуршед бири-бири менен так үйлөнгөн күнү таанышкан. Ражабби турмушка чыгар алдында медициналык кароодон өткөн жана «ак» экенин далилдеген маалымкат алган. Тойдон көп өтпөй Пиров аялын мажбурлап дагы бир жолу медициналык текшерүүдөн өткөргөн, андан соң үйдөн кубалап, экинчи аял алууга макулдук беришин талап кылган.

Ражабби той болгондон кийин туура 40 күн өткөн соң уксус ичип алган. Ал оор абалда райондук ооруканага жеткирилип, бир нече сааттан кийин өзүнө келбей жан берген.