Тажикстанда балта менен судьяга кол салган адам 15 жылга соттолду

672

Тажикстанда Пянж райондук сотунун төрагасына балта менен кол салган Диловар Олимов 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 24-ноябрда Хатлон облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим өткөн апта соңунда кабыл алынып, бирок азырынча мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Хатлон облустук сотунун төрага орун басары Темур Бойзоданын айтымында, Диловар Олимов кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Анын арасында адам өлтүрүү үчүн кол салуу беренеси дагы бар.

Окуя 31-августта Паянж районунун сотунун имаратында болгон. Диловар Олимов райондук соттун төрагасы Давлатманда Рахимзоданын иш бөлмөсүнө кирип барып, ага балта менен кол салган. Рахимзода жаракат алып, ооруканага жеткирилген, бөлмөсүндөгү эмеректердин баары талкаланган.

Бир суткадан кийин Диловар Олимов кармалган. Анын иши Хатлон облустук прокуратурасында каралууда. Прокуратурадан билдиришкендей, айыпталуучу күнөөсүн моюнга алган, бирок сотту өлтүрүүгө ниеттенбегенин айткан.

Паянж райондук ооруканасынан билдиришкендей, судья оор жаракат алган.