Тажикстанда ИМ тобунун желектери табылды

643

Тажикстандын Вахш районундагы «Тожикобод» айылдык жамаатынын 10го жакын жашоочусу «Ислам мамлекети» террордук тобу менен кызматташкан деген шек менен кармалды.

Маалыматка караганда, камакка алуулар 16-февраль кечинде, айылда ИМ тобунун кара желектери табылгандан кийин башталып, 18-февралдан 19-февралга оогон түнгө чейин уланган.

Айылдык жамааттын төрагасы Холмурод Нуриддиновдун айтымында, эки желек Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу» партиясын негиздеген Саид Абулло Нуринин иниси Нусратулло Саидовдун чарба имаратынын чатырына илинген. Дагы үчөөсү имараттын ичинен табылган.

Нусратулло Саидов дүйшөмбүдө укук коргоо кызматкерлери суракка алгандан кийин аны кое беришкенин билдирди.

«Мени эч ким камакка алган жок, мен эркиндиктемин. Ооба, бир нече күн мурда мен иштеген имараттын чатырына белгисиз адамдар «Ислам мамлекети» тобунун желектерин сайып кетишиптир. Бийлик буга күнөөлүү адамдарды кармады», — деди Саидов.