Тажикстанда имамдар музейге барууга милдеттендирилди

804

Тажикстан мечиттеринин имам-хатибдери мындан ары музейге барып турууга милдеттендирилди. Бул тууралуу өкмөттүн алдындагы Дин иштери комитетинин басма сөз катчысы Афшин Муким билдирди.

«Дин кызматкерлери өз жеринин тарыхын, ата-бабалардын мурасын билүүгө тийиш. Биздин ата-бабаларыбыз ар түрдүү согуштарды жана катаклизмдерди баштан кечирип, ааламды таануу аркылуу маданиятын жана тилин сактап калган. Өз элинин тарыхын билүү – бөтөн элдин салты менен диний ишенимдерин түшүнүүгө жардам берет», — деди ал.

Күн мурун Гиссар өрөөнүнүн 116 диний кызматкери Душанбедеги Улуттук музейге барган. Буга чейин Душанбе, Вахдат шаарлары жана Варзоб районунун имамдары үчүн экскурсия жасалган. Быйыл төрт миңдей имам-хатиб музейлерге, тарыхый жайларга барууга тийиш.

​Буга чейин тажикстандык имамдар театрга барууга милдеттендирилген.