Тажикстанда имамдар театрга барууга милдеттендирилди

823

Тажикстанда мечиттердин имам-хатибдери Мамлекеттик драмалык театрга барып, тажик драматургу Мансур Суруштун «Обу оташ» («Суу жана от») деген спектаклин көрүүгө милдеттендирилишти.

Алгачкылардан болуп спектаклди тажик өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери жана салт-санааларды тартипке салуу комитетинин кызматкерлери көрүп келишкен. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Афшин Муким билдирди. Анын айтымында, жакынкы күндөрү Гиссар аймагындагы мечиттердин имамдары Шахринав айылындагы театрга чогулуп, спектаклди Лахути атындагы театрдын актерлорунун аткаруусунда көрүшөт. Андан соң «Обу оташты» өлкө аймактарындагы башка мечиттерин имамдары дагы көрүп чыгуусу керек болот.

Мансур Суруштун пьесасы боюнча Шерали Абдулкайсов тарабынан коюлган «Обу оташ» спектаклинин премьерасы быйыл февралда болгон.

Спектаклде жарандык коомдогу толеранттуулук тууралуу баяндалып, диний фанатизм мазакталат.

2014-жылдан бери Тажикстандагы мечиттердин имам-хатибдери мамлекеттик кызматкерлердей эле бюджеттен айлык алышат. Алсак, өлкөнүн Ислам борборунун Уламалар кеңешинин төрагасынын айлыгы 2 миң сомони (220 доллардан көбүрөөк), жума мечиттеринин имамдарыныкы 1,5 миң сомони (170 доллар), кадимки мечиттин имамдарыныкы 800 сомони (90 долларга жакын). Калган динаятчылар менен башка конфессия өкүлдөрүнө айлык каралган эмес.

Былтыр Тажикстан ИИМ башчысы ар бир милиция кызматкери айына бир жолудан театрга барып турушу керек деген талап койгон.