Тажикстанда Ислам партиясынын мурдагы мүчөсүнүн өлүмү тергелип бүттү

656

Согди облусунун Аскер прокуратурасы Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын мурдагы мүчөсү Комил Хожаназаровдун өз өмүрүн кыйгандыгы боюнча тергөөнү аяктап, ишти Аскердик сотко өткөрүп берди.

31 жаштагы Комил Хожаназаров былтыр жайында өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын 15 мүчөсү менен чогу кармалып, сурактан кийин кайра бошотулган. Бирок 28-августта Согди облустук ички иштер башкармалыгындагы экинчи жолку суракка бир күн калганда өз жанын кыйган.

Өлүм алдында жаздырып калтырып кеткен видеокайрылууда ал милиция кызматкерлери аны кыйноого алып, акча бергенден кийин гана бошотконун айткан. Андан тышкары ал Ислам кайра жаралуу партиясына 2014-жылы кирип, өлкөдө ага тыюу салынардан бир канча ай мурда анын курамынан чыгып кеткенин билдирген. «Милиция кызматкерлери мен партиядан чыккан датаны 2015-жылдан 2016-жылга өзгөртүп кое тургандыктарын жана мен бир жыл түрмөгө камалаарымды айтып коркутушкан», — деген анда Комил.

​Хожаназаров кайрылуусунда кыйноолор акча бергенден кийин дагы токтобогонун, милиция кызматкерлери суракка чакырган сайын зомбулук көрсөтүп турушканын кошумчалаган.

Видеокайрылуудан кийин сөөктү эксгумация кылуу чечими кабыл алынып, аны кыйноого алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында УКМКнын Ашт районундагы бөлүмүнүн башчысы жумуштан алынган.

Бул иштин алкагында Согди облустук ички иштер башкармалыгынын эки жана Коопсуздук кызматынын Ашт райондук бөлүмүнүн бир кызматкерине карата кыйноого алуу, мыйзамсыз камакка алуу жана жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлоо беренелери боюнча айып тагылган.