Тажикстанда кармалган баткендиктер качан бошотулат? (видео)

1006

Тажикстанда кармалып турган Баткендик 5 тургунду бошотуу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн аталган аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев алардын жакындары менен жолугушуп жатып билдирди. Ал Тажикстанга укук коргоо өкүлдөрүнүн коштоосунда барып, кармалгандардан кабар ала турганын да айтты.
Кошуна өлкөнүн мал базарына кеткендер Тажикстандын Согди областынын Кистакуз аймагынан «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» беренеси боюнча айыпталып кармалышкан. Аларга мыйзамдуу өткөрмө бекетинен өткөн эмес деген кине коюлуп жатыптыр.