Тажикстанда мамлекеттик насыяны төлөбөгөн компания жетекчилерин камоо уланууда

740

Тажикстанда «Умед-88» компаниясынын бухгалтери жана май куйуучу түйүндүн үч директору камалды. Буга чейин мыйзамсыз насыя алуу, салык төлөөдөн качуу, алдамчылык жана жалган документ жасоо шеги менен компания башчысы Раджабали Одинаев менен анын орун басары Идибек Иброхимов кармалган.

Каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги маалымдагандай, башкы бухгалтер тергөө иштери аягына чыкканга чейин камакта болот.

Май куйуучу станциянын үч жетекчиси «Амонатбанк» менен «Агроинвестбанктан» насыя алуу учурунда кепил болушканы үчүн кармалышты.

Маалыматтарга караганда, компания учурда банкорт абалында, жумушчулар бир нече айдан бери маяна алыша элек.

Май куйуучу түйүндүн жетекчилери 2015-жылы Каржы министрлигинен 171 миллион сомони (19 миллион доллар) алып, жылдын соңуна чейин төлөөгө милдеттендирилген. Компания каражатты дыйкан чарбаларын күйүүчү май менен камсыздоого, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө жумшоону убадалаган. Бирок насыяны кайтарып берген эмес.

«Умед-88» компаниясы 1996-жылы негизделген. Ал Орусия, Казакстан, Түркмөнстандан күйүүчү май ташып иштеген. Тажикстанда 70тен ашык май куйуучу станциясы бар.