Тажикстанда прокуратура жана милиция имаратын жардырууну пландаган киши 20 жылга кесилди

839

Тажикстандын Согди облусунун тургуну Шерзод Нормамадов жергиликтүү милиция жана прокуратура имараттарын жардыруу аракетине күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылды. Андан тышкары облустук сот тарабынан анын эки шериги — Иномжон Саидмуродов менен Озоджон Хужамбердиев 10 жылга кесилди.

4-октябрда облустук соттон билдиришкендей, Шерзод Нормамадов 2015-жылы Москвага иштегени барып, анда Өзбекстан ислам кыймылынын катарына кошулган. Андан соң топтун Москвадагы эмиринен райондук милиция жана прокуратура имараттарын жардыруу буйругун алган. Ага жардыруучу заттарды жеткирип берүүнү Кыргызстандын Баткен облусундагы шериктери убадалашкан.

Соттун материалдарына ылайык, Нормамадов буйрукту аткаруу үчүн өткөн жылдын соңунда Тажикстанга кайтып, 31-январда күч органдары тарабынан кармалган. Шерзод Нормамадов иштин негизги фигуранты катары Кылмыш кодексинин беш беренеси боюнча, анын ичинде терроризм, кылмышка даярдануу жана теракт жасоо аракети боюнча күнөөлүү деп табылды.

Анын адвокаты Наргис Якубова иштин жашыруун иликтенип жаткандыгын айтып, бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Соттолуучунун өзү анын сурак маалында берген көрсөтмөлөрү жасалмаланганын айтып, милиция жана прокуратура имараттарын жардырууну пландабаганын билдирди.