Тажикстанда суюлтулган газдын баасы кескин кымбаттады

704

Тажикстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташын Казакстанда баалардын  жогорулашы менен түшүндүрүшүүдө.

Өлкөнүн монополияга каршы кызматынын өкүлү Носира Акмалзоданын айтымында, бир тонна экспорттолгон газдын баасы 384 доллардан 587 долларга чейин көтөрүлгөн. Тажикстанга суюлтулган газдын 70% Казакстандан келет.

Маалыматтарга караганда, акыркы жумада май куюуучу жайларда суюлтулган газдын баасы 3,4 сомониден (0,3 доллар) 4,6 сомониге чейин жогорулаган. Тажикстандагы унаалардын 60% газ менен жүрөт.

Казакстанда 2018-жылдын башында суюлтулган мунай газынын дүң баасы жогорулап, ички рынокто тоннасы 34 319 теңгеден 38 701 теңгеге чейин көтөрүлгөн.

Ошол эле маалда Казакстан газга болгон ички дүң бааны мамлекет тарабынан жөнгө салууну жоюу маселесин кароодо. Учурда парламентте 2019-жылдан тарта газ рыногун либералдаштыруу боюнча мыйзам долбоору каралууда.