Тажикстанда туристтерди өлтүрүүгө шектелген үч киши аныкталды

895

Тажикстандын Ички иштер министрлиги туристтерди тебелетип кеткен үч шектүү аныкталганын жана алардын бири коопсуздук күчтөрүнө каршылык көрсөткөн учурда жок кылынганын маалымдады. Алар Дангара районундагы Осмондар айылынын аймагындагы фермадан табылган.

Анын алдында милиция окуяга шектүү катары Пянж районунун 19 жаштагы тургундары Зафарджон Сафаров менен Асомуддин Маджидов, Нурек шаарынын жашоочусу Жафариддин Юсупов изделип жатканын маалымдаган.

Европа Биримдигинин Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хидоят Бишчевич 30-июлда Дангарадагы окуя алдын ала пландалган кол салууга окшоп турганын билдирген.

«Эгер тергөө бул версияны тастыктаса, бул окуя биздин тынчсыздануубузду ого бетер арттырат», — деген дипломат.

Бишчевичтин айтымында, велосипедчендер тобу эки америкалык, эки голландиялык, эки швейцариялык жана бир франциялык жарандан турган. Бул окуяда франциялык турист гана жабыркаган эмес.

Тажикстандагы АКШ элчилиги дагы бул окуяны кол салуу деп атоодо. «Биз кол салган адамдардын ырайымсыздыгын катуу айыптайбыз, алар ак ниет жана меймандос тажик элинин өкүлдөрү эмес экенин түшүнүп турабыз»,- деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

29-июлда «Daewoo Leganza» үлгүсүндөгү автоунаа Дангара районунда велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун сүзүп кеткени кабарланган. Туристтердин өлүмүнө себепчи болгон айдоочу жана автоунаадагы башка адамдар окуя болгон жерден качып кетишкен.