Тажикстанда туристтердин өлүмүнө шектелген 17 кишинин соту башталат

725

Тажикстан Жогорку соту кийинки аптада төрт чет өлкөлүк туристтин өлтүрүлүшү боюнча козголгон кылмыш ишин кароону баштайт.

Быйыл июль айында Дангара районунда велотуристтерге кол салуу болуп, төрт киши өлтүрүлгөн, экөө жаракат алган.

Бул иш боюнча 17 киши айыпталууда. Туристтерге түздөн-түз кол салган беш кишинин ичинен Хусейн Абдусамадов гана тирүү калган, төртөө болсо атайын операция учурунда өлтүрүлгөн. Айрым айыпталуучуларга кылмыш тууралуу алдын ала маалымат беришпегени үчүн иш козголгон. Алардын бири – Киёмиддин Курбонов. Анын туугандары сот адилеттүү өкүм чыгарса, Курбонов сот залынан бошотулат деп үмүттөнүшүүдө.

Сот жараяны ачык өтөрү күтүлүүдө. Отурумга журналисттерди киргизүү маселеси каралууда жана бул боюнча акыркы чечим кийинки жумада белгилүү болот.

29-июлда Дангара районунда кылмышкерлер велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа менен сүздүрүшкөн. Анда Голландия менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы эки чет өлкөлүк жараат алган.

Тажик өкмөтү 31-августта төрт туристтин өмүрүн алган кол салуу боюнча өлкөдө тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясын» күнөөлөгөн. Бирок ошол эле күнү кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган.