Тажикстанда тыштан «адал» эмес эт азыктарын алып кирүүгө тыюу салынды

767

Тажикстанда Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл кызматы өлкөгө адал эмес эт продукцияларын алып кирүүгө тыюу салды.

Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл кызматынын башчысынын орун басары Тожибек Норов билдиргендей, мындан ары чет өлкөлүк эт ташуучулар Тажикстанга аккредитациянын негизинде гана продукцияларын алып кире алышат.

«Аккредитация алуу үчүн биздин адистер чет өлкөлүк ишканалардагы өндүрүш процессин өз көздөрү менен көрүшү керек. Мындан тышкары продукцияга “Адал” белгиси басылышы зарыл. Ушул шарттар аткарылганда гана Тажикстанга эт азыктарын ташууга уруксат алышат», — деди Норов.

Тажик бийлиги эт азыктарын ташуу талаптары катаалдаштырылганы тууралуу чет өлкөлүк ишкерлерге эскертти. Тажикстандын тишелүү органдарынын сапат жана коопсуздук инспекциясынан өткөн компанияларга беш жылга аккредитация берилет.

Тажик базарына эт азыктары негизинен Индия жана Орусиядан, азыраак бөлүгү Түркия менен Казакстандан келет. Тажикстан “адал” стандартын 2013-жылы киргизген.