Тажикстанда үй-бүлөнүн жети мүчөсү ИМ тобуна кошулуу аракети үчүн соттолду

748

Тажикстандын Согди облусунда “Ислам мамлекети” террордук уюмуна кошулууну каалаган 71 жаштагы аял 12 жылга кесилди.

Согди облусунун соту шаршембиде ИМ тобуна кошулууга аракет жасаган деп күнөөлөнгөн исфаралык үй-бүлө мүчөлөрүнө карата өкүм чыгарды. Алар 2017-жылдын соңунда түрк-сирия чек арасында кармалышкан.

Үй-бүлөнүн башчысы, 71 жаштагы Мавлюда Насриддинова 12 жылга түрмөгө кесилди. Анын 47 жаштагы уулу Баходур Насриддинов өмүрүнүн 17 жылын темир тор артында өткөрөт. Үй-бүлөнүн дагы төрт мүчөсү 12 жылдан 12,5 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Мындан тышкары Маьрифат Насриддинова өспүрүм болгондуктан, Шохида Нуриллаева психикалык жактан ооругандыктан жазага тартылган жок.

Маалыматтарга караганда, былтыр 29 кишиден турган чоң үй-бүлө үч кичиавтобус менен Сирияга жол тарткан. Эки унаа түрк-сирия чек арасынан өтүп кетүүгө үлгүргөн. Үчүнчү кичиавтобустагы 9 киши түрк чек арачылары тарабынан кармалган.

Соттук териштирүү учурунда алар Сирияга “жихад” үчүн бармак болушканын моюндарына алышкан. Айыпталуучулар Тажикстанда алардын диний укуктары чектелгенин билдиришкен.