Тажикстандагы РФнын аскер базасын жардырууга камданып жаткан топ кармалды

731

Тажикстанда Россиянын аскер базасына теракт жасоого камданып жаткан 12 адам кармалды. Анын башчысы буга чейин Кыргызстанда жүрүп кеткени айтылууда.

Маалыматтарга караганда, Сухроб аттуу адам Кыргызстанда жана Иранда болуп, андан кийин Түркия аркылуу Сирияга барып согушка катышып келген.

Ал Тажикстандын атайын кызматына сурак берип жатып, аскер базасын жардыруу үчүн Сириядан атайын жөнөтүлгөнүн айткан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.