Тажикстандан кайткан төрт кыргызстандык студенттен COVID-19 табылды

4155

Кыргызстанда коронавирус аныкталган 28 адамдын төртөө — Тажикстандан кайткан кыргызстандык студенттер. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. «Үч студент Тажикстандын Хожент шаарынан Лейлек районуна кайтып келген. Ошол жерден обсервациядан өтүп жатканда табылып, азыр дарыланып жатат. Дагы бир студент Душамбе шаарында окуган экен. Чек арага келип, мекенине өтүп жаткан кезде обсервацияга алынганда текшерүү учурунда COVID-19 табылгандыктан биз аны көзөмөлгө, дарылоого алдык», деди ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, соңку бир күндө коронавирус табылгандардын арасында Дубайдан учуп келген кыргызстандык да бар. Анын диагнозу обсервацияга алынып, медициналык көзөмөлдөн өтүп жаткан учурда аныкталган.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 28 адам жаңы катталды, 14 бейтап айыгып чыкты. Жалпысынан 6-майга карата Кыргызстанда коронавирус 871 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 614 адам сакайды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.