Тажикстандын жараны алып кетип, кайра алып келген бала учурда ооруканада жатат

697

Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймактагы Баткен жана Ворух айылынын жашоочуларынын ортосунда кайрадан чыр чыкты.

Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты. Алардын айтымында, экинчи класстын окуучусу шагыл жүктөп жаткан тажикстандык жаранды көздөй таш ыргытканда, аны Ворухтагы милиционерлер алып кетишкен.

Буга нараазыланган жергиликтүү жашоочулар жолго чыгып, баланы кайтарып берүүлөрүн талап кылышкан. Көп өтпөй кошуна өлкөнүн тартип сакчылары окуучуну кое беришкен.

Учурда чек арада абал туруктуу. 1,5 ай мурда ушул эле аймакта Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу боюнча чыр чыгып, эки тарап бири-бирине таш ыргытышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.