Тажикстанга аткезчилик менен бараткан 30 тонна күйүүчү май кармалды

733

Лейлек районунда мыйзамсыз түрдө дизель майын ташып келе жаткан автоунаалар кармалды.

Маалыматка караганда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү УКМКнын кызматкерлери менен кошо аймакта рейд өткөргөн.

Анын жүрүшүндө Лейлек районунда Кыргызстандан Тажикстанга 30 тонна дизель майын мыйзамсыз ташып бараткан «КамАЗ» үлгүсүндөгү эки автоунаа кармалган. Автоунаалар жүгү менен айып токтотмого киргизилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.