Тажикстанга контрабандалык күйүүчү май ташуу жандандыбы? (видео)

2566

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Баткен областы аркылуу Тажикстанга күйүүчү май контрабандалык жол менен ташылып жатат деген маалыматты четке какты. Атайын кызмат аткезчиликке жол берилген жок деп ишендирүүдө. Эки күндөн бери интернетте май ташыган унаалар тынбай өтүп жатканы боюнча тасмалар көбөйдү.

УКМК муну өрттөлгөн май куюучу станциялардагы резервуарлардагы калган бензин, солярка ташылып жатат деп түшүндүрдү. Учурда Исфана, Кайрагач жана Сай участокторуна мобилдүү посттор коюлуп, контрабандага бөгөт коюу боюнча иштер жүрүп жатыптыр.