Тажикстанга мазут ташууда мамлекетке 9 млн сомдон ашуун зыян келтирилген

707

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматтарга караганда, Транспорт прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, анын алкагында былтыркы жылдын ноябрынан тарта 2018-жылдын 10-январына чейин «Жалал-Абад» бажысынан жалпы салмагы 3 миң 501 тонна мазут 108 май ташуучу унаа менен Тажикстанга экспорттоо үчүн документ толтурулган.

Мында автотранспорттордун салмагы нормадан атайылап ашырылып көрсөтүлгөнү аныкталган. Ошондой эле, унаалар кошуна Тажикстанга бара жатканда «Жаңы-Арык», «Каратай», «Сары-Таш» жана «Карамык» транспорт көзөмөлдөө пункттарында таразага тартылбастан эле өткөрүлүп турган.

Талапка ылайык, инспекторлор унаа айдоочуларынан ашыкча салмактан улам жолго келтирилген зыян үчүн акы алышы керек болчу. Анын ордуна алар 10 миң сомдон административдик айып салып коё беришкен. Ошол эле учурда, инспекторлор ашыкча салмакты азайтуу үчүн майды куйдуруп алышы керек болчу, бирок ал иш да жасалган эмес.

Муну менен Автоунаа, суу транспорту жана салмак-көлөмдү аныктоо агенттигинин Ош аймактык башкармалыгы тарабынан мамлекетке 9 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгенин аныкталган.

Учурда бул факты боюнча кызмат адамдары менен инспекторлорго карата «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.