Тажиктер менен чек ара толук жабылды (видео)

3825

Тажикстан менен чек араны бир тараптуу толук жабууда Кыргызстан эч кандай экономикалык чыгымга учурабайт. Бул тууралуу экономика жана финансы министрлигинен билдиришти. Эки өлкө ортосундагы товар айлантуунун көлөмү 25 миллион долларды түзсө, анын 75 пайызга жакыны экспортко туура келет экен.
Ошол эле убакта эки жактуу делимитация жана демаркация иштери аягына чыкканга чейин чек ара бир тараптуу жабык турганда, ага күч түзүмдөрү менен биргеликте элдик кошуундар да көз салсын деген сунуштар бар. Себеби тиешелүү бекеттер жабылганы менен кээде айрым товарлар жашыруун жолдор аркылуу аткезчилик менен өтүп кетип жатыптыр.