Тажиктер менен жер тилкелерди алмашабызбы? (видео)

2244

Чек ара маселесин чечүү оор, бирок тургундардын коопсуздугу үчүн биз бул иштерди тез арада илгерилетишибиз зарыл. Бул тууралуу Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт мүчөлөрүнүн жолугушуусунда айтылды.

Кошуна өлкөнүн аймагында өткөн сүйлөшүүдө тараптар чек арадагы элдин коопсуздугун камсыздоону күчөтүп, эл арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү макулдашышты.

Кыргыз өкмөтү тилкелерди алмашуу же элди көчүрүү жолу менен маселени чечүүнү демилгелеп жатат. Бирок бул боюнча азырынча тажик тараптын позициясы белгисиз.