Тбилисиде каршылык акциялар уланууда

706

Тбилисиде беш күндөн бери каршылык акциялары уланууда. Ага жүздөгөн кишилер катышууда. Алар өткөн жылдын соңунда өлтүрүлгөн эки өспүрүмдүн иши аягына чыкпай калышына күнөөлүү деп эсептелген аткаминерлерди жазалоону талап кылышууда.

Акция катышуучулары башкы прокурор жана прокуратуранын башка кызматкерлери кылмышкерлерди жаап-жашырып, далилдерди жоготуп коюшкан деп эсептешет. Жыйынтыгында иш далилдердин жетишсиздигинен токтоп калган.

Буга чейин тбилисиликтер башкы прокурордун отставкасын талап кылышкан. Чиновник иштен кетүүгө арыз жазган соң, эми алар өкмөттү таратууну сурашууда. Грузиянын премьер-министри Георгий Квирикашвили отставкага кетүүдөн баш тартты.