Тблисиде полиция менен оппозициянын ортосунда кагылышуу болду

723

Тблисиде полиция менен оппозициялык партиялардын активисттеринин ортосундагы кагылышуулар маалында 8 киши кармалды. Алар калаанын борбордук аянтындагы жер тилкесин миллиардер Бидзина Иванишвилиге тиешеси бар компанияга берүү тууралуу бийликтин чечимине каршылык билдирип чыгышкан.

Маалыматтарга караганда, кагылышуулар полиция шаардык кеңештин жыйынына Грузия парламентиндеги оппозициялык партиялардын мүчөлөрүн киргизүүдөн баш тарткандан кийин башталган. Конституцияга ылайык, алар жергиликтүү өз алдынча баркаруу органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жыйындарына катыша алышат. Бирок Тблиси шаардык кеңешинин төрагасы калаанын борбордук аянтында курулуп жаткан жети жылдыздуу мейманканага унаа токтотуу жайын куруу үчүн жер тилке берүү маселеси каралып жаткан атайын жыйынды жабык деп жарыялады.

Оппозициячыл депутаттар тарапташтарынын жардамы менен полиция курчоосун жарып өтүүгө аракет кылышып, бирок катуу каршылыкка туш болушту. Анын жүрүшүндө бир нече активист кармалып, административдик мыйзам бузуу айыптары тагылды. Алар күнөөлүү деп табылса айып пул төлөп же бир нече жумага камакка алынышы мүмкүн.

Оппозициячыл депутаттардын нааразылыгына карабастан, «Грузин кыялы» партиясынын мүчөлөрү көпчүлүктү түзгөн шаардык кеңеш жер тилкесин мейманкана куруп жаткан компанияга берүү чечимин бекитти. Муну алар миңдеген жумушчу орундары түзүлө тургандыгын менен түшүндүрүшүүдө.