Театр жана кино жылдызы Тилек Жумагазиев жардамга муктаж (видео)

3008

Кыргызстандын белгилүү актеру Тилек Жумагазиев жардамга муктаж. Бир жыл мурда дарыгерлер ага гепатит “Д” деген диагноз коюшкан. Учурда Тилек Жумагазиевдин боорун алмаштыруу үчүн каражат чогултулууда. Операция чет өлкөдө жасалат экен. Ал үчүн 45 миң доллар керектеле турганы айтылды.

64 жаштагы актер бул илдет менен 1 жылдан ашык убактан бери күрөшүп келет. Дары-дармегине эле ай сайын 35-40 миң сомдун тегерегинде каражат коротуп жатыптыр. Бирок Тилек Жумагазиевдин 7 миң сомдук айлыгы бул чыгашалардын 1 бөлүгүн жапканга араң жетүүдө.