ТЭЦ-2 конушунун тургундарынын көзүн кызарткан жер тилкеси (видео)

4633

Чүйдүн ТЭЦ-2 конушунун тургундары жылуулук электр борборунун аймагындагы дагы 1 гектардай жерди өткөрүп алууну көздөшүүдө. Жашоочулар ал жерге бала бакча, мектеп жана ФАП салуу үчүн сурап жатканын айтышууда.

Жакында эле ТЭЦтин тегерегиндеги 48 гектар жерге «калктуу конуш» макамы берилип, айыл чарба багытындагы жерлер турак-жай куруу багытына өзгөртүлгөн болчу. Учурда тиешелүү кызматтар буга чейин эле турак-жай салып алган жер ээлерин каттоого алып, кызыл китептерин чыгарып берүү менен алек.