ТЭЦ: «Алтын» кондиционер жана лифт канчага алынган? (видео)

1124

Бишкек ТЭЦин жаңылоодо 1 кондиционер 57 миң долларга сатылып алынганы айтылууда. Ал эми жүк ташуучу лифт 300 миң долларды чапчыган. Депутаттардын колуна тийген кымбат баалуу товарлардын тизмеси муну менен эле чектелбейт. Анын ичинде арматура, цемент, бетон сыяктуу курулуш материалдар да бар. Адистердин айтымында, долбоор бир топ эсеге жогорку нарк менен эсептелген. Айрым эсептөөлөр боюнча, эгерде жабдуулар базар баасы менен сатылып алынса, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоого — 386 миллион эмес, 260 миллион доллар эле коромок экен. Андыктан бул жаатта иликтөөчү жагдайлар жетиштүү. Азыр ушул модернизациялоодогу коррупция боюнча «Улуттук энергохолдингтин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиев шектүү катары камакта. Бул ишке дагы кимдер аралашканы жакын арада ачыкталат деп күтүлүүдө.