ТЭЦ: Аттиш, видеокамера боюнча эми гана жооп даяр болуптур (видео)

863

Бишкек жылуулук электр борборундагы авария боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын бүгүнкү жыйынтыктоочу отуруму үзгүлтүккө учурады. Ага убагында чет элдик компаниянын эсебинен Кытайга барып келген 5-чакырылыштын ондон ашуун депутаты чакырылган. Бирок алардын бирөө гана жыйынга келди. Кесиптештеринин мындай мамилесине нааразы болгон комиссия мүчөлөрү бул маселени эртең парламенттин жалпы жыйынында кароону сунушташты. Эске салсак, парламенттик комиссия кечээ да отурумун өткөрүп, ага бир топ мурдагы жетекчилер катышкан болчу. Анда буга чейин унчукпай келген аткаминерлер өтө кымбатка алынган кычкачтар менен видеобайкоочу камералар тууралуу түшүндүрмө беришкен.