ТЭЦ: Бишкектиктерге жылуулук качан берилет? (видео)

870

Бишкек жылуулук берүү борборунда кырсыктын кесепеттерин жоюу кыйынчылыктар менен коштолууда. Шаар тургундарынын үйлөрү дагы деле муздак. Бүгүн эртең менен ТЭЦте кайрадан авария болду. “Электр станциялары” ишканасынан билдиришкендей, 24-казанды иштетип жатканда түтүктө 60 мм жарака пайда болуп, суу ага баштаган. Күндүн суугунан улам труба тешилип калган. Шаар тургундарына жылуулук качан толук берилери белгисиз. Буга аткаминерлер так жооп айта албай жатышат. ТЭЦтин директору Нурлан Өмүркул уулунун айтымында, жылуулук борборундагы авария насостордун иштебей калганынан улам келип чыкты. Суу сордургучтар 1960-жылы орнотулгандан бери каражаттын жоктугунан оңдолгон эмес. Мындан улам, борбордогу 9-агрегатта суу азайып, жарымынан эле болгондуктан иштен чыккан. Агрегат бөксө экенин ал жактын кызматкерлери байкашкан эмес, дейт улуттук энергохолдингтин жетекчисинин орун басары Нурлан Садыков. Анын айтымында, жылуулук электр борборунда азыр абал чындыгында эле оор.