ТЭЦ боюнча депутаттардын пикири келишпей жатабы? (видео)

991

Бишкек жылуулук электр борбору боюнча түзүлгөн депутаттык комиссияда эмнеге ажырым пикирлер пайда болду? ТЭЦте жыл башында болгон аварияны жана аны модернизациялоого кеткен Кытай насыясынын сарпталышын текшерген депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү корутундуга кол койбой койгону белгилүү болду. Алардын айтымында, буга олуттуу себептер бар экен. Буга чейин комиссия мүчөлөрү Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча түзүлгөн келишимде коррупциянын белгилери бар экенин айтышкан. Бирок күмөндүү макулдашууну түзгөндөрдүн башында ким турганы документте так көрсөтүлбөй калган.