ТЭЦ чуусу: КРнын эгемендиги үчүн коркунучтуу келишим (видео)

1089

Бир катар мурдагы жетекчилер менен кээ бир депутаттар Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо үчүн алынган насыяга байланыштуу айрым жагдайларды ачыктай башташты. Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимовдун айтымында, 2013-жылы кытайлык компания менен келишим түзүүнүн кесепеттери Кыргызстандын эгемендиги үчүн коркунучтуу деген корутунду чыгарылган. Ошондой эле, чечимдин шашылыш кабыл алынганы дагы шек жараткан.  Ал эми өткөн чакырылыштагы депутат Нарынбек Молдобаев Жылуулук электр борборун модернизациялоо 130 миллион долларга кымбатка түшкөнүн айтып чыкты. Анын билдирүүсүндө, учурунда эксперттер ТЭЦти жаңылоого 250 миллион доллар сарпталаарын эсептеп чыккан. Бирок депутаттардын тобу Кытайда эс алып келгенден кийин, долбоордун баасы кескин көтөрүлүп кеткен, дейт мурдагы эл өкүлү.