ТЭЦ чуусу: сурак бергендердин катарына жаңы адамдар кошулууда (видео)

863

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо жана кытай грантын максаттуу пайдалануу боюнча сурак бергендердин тизмеси узара баштады. Кечээ күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Темир Сариев чакырылып, тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп беришти. УКМК кабарлагандай, мурдагы эки өкмөт башчы күбө катары көрсөтмө беришкен. Эске салсак, Бишкек ЖЭБи боюнча түзүлгөн парламенттеги депутаттык комиссиянын тыянагына ылайык, 30дан ашуун учурдагы жана мурдагы жетекчилердин жоопкерчилигин карап чыгуу сунушталган. Учурда жылуулук электр борбору боюнча 3 кылмыш иши ачылып, анын негизинде 10 аткаминер тергөө абагында отурат.