ТЭЦ: депутаттык комиссия көп суроолорду жоопсуз калтырды (видео)

699

Бишкек жылуулук электр борборунда авариянын келип чыгышына адамдык фактор таасир эткен. Бул тууралуу ТЭЦтеги кырсыктын себебин иликтеген депутаттык комиссиянын көчмө жыйыны учурунда айтылды. Эл өкүлдөрү абал менен жеринде таанышып, борбордун кызматкерлери аларга авария эмнеден келип чыкканын дагы бир ирет түшүндүрүп беришти. Депутаттар азырынча буга ким күнөөлүү жана алар кандай жазаланат — ачыктай элек. Көчмө жыйынга журналисттер чакырылып, бирок киргизилбей коюшу күмөн ойлорду жаратууда.