ТЭЦ: Жалал-Абад мэри кармалды (видео)

818

Бишкек ТЭЦиндеги аварияга байланыштуу соңку 2 күндө жогорку кызматтагы 3 жетекчи кармалды. Улуттук энергетикалык холдинг ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев камакка алынды. Ал Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоодо коррупцияга тиешеси бар деп шектелүүдө. Кечээ эле бул иш боюнча Электр станциялары ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов менен анын орун басары УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу. Экөө тең учурда Бишкек ТЭЦинде болгон аварияга байланыштуу ачылган кылмыш иши боюнча сурак берип жатышат. Парламенттик комиссиянын мүчөлөрү болсо камакка алынгандардын тизмеси дагы узарышы мүмкүн экенин айтышат. Анткени иликтөөнүн жүрүшүндө дагы бир топ мыйзам бузуулар аныкталган.