ТЭЦ: Жантөрө Сатыбалдиев “жебеген самсага пул төлөбөйм” дейт (видео)

1045

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ТЭЦиндеги аварияга кесипкөй эмес жетекчилерди айыптады. Анын айтымында, тармакты энергетиктер башкарбай калды. Ал эми Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаттары учурунда ТВЕА компаниясынын чакыруусу менен Кытайга барып, белекке ээ болгонун моюнга алышты. Парламенттик комиссиянын тогузунчу отурумуна мурдагы өкмөт башчы менен бир катар депутаттар чакырылган. Алар жылуулук электр борборун модернизациялоону колго алган компания жана ТЭЦтеги авария боюнча пикирлерин айтышты.