ТЭЦ: Парламентке 2 президент тең чакырылабы? (видео)

1005

Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоодо алынган 600 долларлык шаймандар Бишкекте 2,5 миң сомдон сатылып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Бишкек ТЭЦи боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоодо депутат Акылбек Жамангулов айтып чыкты. Эл өкүлү өткөн дем алыш күндөрү калаадагы базарларды кыдырып, анда өткөн аптада парламентте көрсөтүлгөн кычкачтарды 2,5 миң сомго сатып алганын айтып, аларды көрсөттү. Ошондой эле, бүгүнкү отурумда Кытайдын «Эксимбанкынан» алынган 386 миллион доллар кредит үстөк пайызын кошкондо 493 миллион доллар бөлүп төлөнөөрү да белгилүү болду. Аны убагында эки тараптуу келишимге кол койгон министрлердин бири мурдагы финансы министри Ольга Лаврова тастыктады.