ТЭЦ жетекчилери кызматка жалаң өз туугандарын алганбы? (видео)

678

Бишкек ТЭЦиндеги авариянын себептерин иликтеген депутаттык комиссия өз ишин дагы бир аптага узартышы ыктымал. Себеби бул жумада эл өкүлдөрү шайлоочулар менен жолугушууга тарап кетишти. Ал арада ТЭЦти модернизациялоого бөлүнгөн каражатты өздөштүрүүгө түздөн-түз катыштыгы бар жетекчилердин, тууган-туушкандары да ошол жерде иштегени тууралуу маалыматтар ачыкка чыга баштады. Бул жагдай тармактагы тууганчылык, жердешчиликтин айынан иш начарлап кеткенби, деген күмөн саноолорду жаратууда. Бармак басты, көз кысты ыкмасы Бишкек жылуулук электр борборундагы авариянын келип чыгуусуна себеп болгон жокпу?