ТЭЦтеги авария үчүн ким жооп берет? (видео)

768

Бишкек ТЭЦтеги кырсыкты жана анын кесепетинен борбор калаа тургундарынын жылуулуксуз калышын парламенттик комиссия дагы иликтеши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары айтышууда. Алар окуянын себептерин тармактагы абалды жеринде билип коомчулукка ачыктамай болушту. Учурда өкмөттүн тапшырмасы менен экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы жылуулук борборундагы кырсыкты иликтеп жатат. Мындан тышкары, Улуттук коопсуздук комитети контртеррористтик иш чаранын алкагында, ТЭЦте текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Ага кошумча Башкы прокуратура менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы дагы өз алдынча иликтөөнү баштады. Эксперттердин айтымында, кыштын эң суук күндөрү шаардыктардын жылуулуксуз калганына жол берген жетекчилер кызматтан алынып, жоопкерчиликке тартылышы керек.