ТЭЦтеги аварияга 3 премьер-министрдин тиешеси барбы? (видео)

867

Бишкек ТЭЦиндеги аварияны иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку кызматтагы 10го жакын жетекчи жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Парламенттик комиссиянын корутундусунда бул тизмеге кирген аткаминерлердин аты-жөнү так айтыла баштады. Алардын арасында, экс-премьер-министрлер — Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариевдин аттары жүрөт. Мындан тышкары, бул тизмеде мурдагы финансы министри Ольга Лаврова менен ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин дагы ысымдары бар. Депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы май айынын ортолорунда даяр болот экен. Учурда корутундунун долбоорунун үстүнөн эксперттик топ иштеп жатыптыр.