ТЭЦтеги аварияга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду

770

ТЭЦтеги аварияга байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан «шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Буга премьер-министрдин башкы көзөмөл органына кайрылганы себеп болгон.

Прокуратурадан кабарлашкандай, энергетика жана өнөр жай комитетинин «Улуттук энергохолдинг» ачык акционердик коомунун, «Электр станциялары» ишканасынын жана Бишкек жылуулук берүү борборунун аткаминерлери кышка даярдануу боюнча кызматтык милдеттерин так аткарбагандыктан, жабдыктар иштен чыгып, абал өз убагында жөнгө салынбагандыгы аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр такталып, кылмыш жоопкерчилигине тартылат.