ТЭЦтеги аварияга жол берген аткаминерлер жазалана баштады

675

ТЭЦте авария болуп, шаардыктар жылуулуксуз калганы үчүн жоопкерчиликке тартыла турган алгачкы ысымдар аталды. Премьер-министр Сапар Исаков «Улуттук энергохолдинг» ишканасына «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары Бердибек Боркоевди жана Бишкек жылуулук берүү борборунун башчысы Нурлан Өмүркул уулун кызматтан алуу боюнча сунуш киргизди.

Өкмөт башчы Сапар Исаков жоопкерчиликке тартуу ушуну менен эле токтоп калбайт деди. Мекемелер аралык комиссиянын иши жыйынтыкталган соң, жумушуна шалаакылык мамиле кылгандар аныкталып, аларга карата да жазалар колдонулат.

Премьер-министрдин айтымында, «Улуттук энергохолдингтин» башчысы Айбек Калиев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу рапорт жазган. Бирок өкмөт башчы арызды кабыл алуудан баш тарткан.