ТЭЦтеги аварияга жол бергендер жазаланууда (видео)

711

Парламент Бишкек жылуулук электр борборундагы авария тууралуу маселени карады. Жыйынга премьер-министр Сапар Исаков баштаган аткаминерлер чакырылып, депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Өкмөт башчы Сапар Исаковдун айтымында, кышка даярдык тууралуу эки жолу отурум болгондо энергетиктер тарабынан «ТЭЦте абал оор, кырсык болуп кетиши мүмкүн» деген эскертүүлөр болгон эмес. Авария эмнеден улам катталганын, кимдер күнөөлүү экени жакын арада аныкталат. Ал жерде коррупция бар, кээ бир тетиктерди салдык деп орнотпой коюшкан деген сөздөр айтылууда, деди премьер-министр. Ошондой эле, Сапар Исаков энергетиктерге ишенбей калганын билдирди. Жылуулук берүү борборундагы абалды калыбына келтирүүгө кеминде эки жума кетет экен.