ТЭЦтеги аварияга жооп бере тургандар белгилүү болду (видео)

1123

Бишкек жылуулук электр борборундагы авария боюнча 2 экс-премьер-министр, учурдагы жана мурдагы 5 министр жана өткөн чакырылыштын бир катар депутаттарынын ишмердүүлүгүнө саясий баа берилиши күтүлүүдө. Ишкананы модернизациялоо маселесин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыктоочу отуруму бүгүн жабык өтүп, тыянакка кол коюлду. Ошондой эле, тиешелүү тизмеге Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов жана Орус-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун мурдагы төрайымы Нурсулу Ахметованын ысымдары да киргизилип жатыптыр. Эске салсак, буга чейин жазылган корутундуга бир топ депутаттар кол койбой коюшкан. Анда алар жыйынтыктоочу документке конкреттүү ысымдарды киргизүүнү талап кылышкан. Мындан улам, комиссиянын отуруму узартылып, кечээ жабык жыйын болуп өткөн. Анда да кошумчалай турган жагдайлар болгон үчүн уландысы бүгүнкүгө калтырылган. Жабык жыйында эмнелер ачыкталды?