ТЭЦтеги камералар алтындан жасалганбы? (видео)

710

Барган сайын Бишкек жылуулук электр борборуна байланыштуу коомчулуктун бүйүрүн кызыткан маалыматтар ачыкталууда. Айрым интернет сайттары өз булактарына таянып, трансформаторлор өтө жогору баада алынганын жазып чыкты. Такталбаган маалыматтарга караганда, документте бул жабдыктар 6 миллион долларга кымбат алынды деп көрсөтүлгөн. Ал эми кечээ жылуулук борбордун мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу ТЭЦке 14 миң долларлык камералар коюлуп, бир эле шайман 600 доллардан алынды деп көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал улам жаңы жагдайларды ачыктаган сайын парламенттик комиссия мүчөлөрүнүн да суроосу көбөйүүдө. Бул жолку отурумда депутаттар жабдыктардын баасына байланыштуу маселеге токтолушту.